• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аба ырайы: Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаабайт

Коом 0

Бишкек, 27.12.18 /Кабар/. Кыргызстандын айрым райондорунда 28-декабрда кар жаайт, жолдор тоңголок, тайгак болот.

Нарын облусунун кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында бир аз кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Эртең Бишкек менен Ошто жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -3…-8, күндүз +5…+10, Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз +4…+9.

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10.

Нарында түнкүсүн -19…-24, күндүз -10…-15 градус суук болот, Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз -2…+3.

Пикир

Оставить комментарий