• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аба ырайы: Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт

Коом 0

Бишкек. 16.04.19 /Кабар/. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарда 17-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +14...+19, Талас облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +15...+20.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +13...+18, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +14...+19.

17-апрелдерде Бишкек менен Ош шаарында мезгил мезгили менен жаан жаайт.

Эртең Бишкекте түнкүсүн +8…+10, күндүз +16...+18, ал эми Ошто түнкүсүн +9…+11, түнкүсүн +17…+19.

Пикир

Оставить комментарий