• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Аба ырайы: Шашылыш билдирүү!

Коом 0

Бишкек, 17-март /Кабар/. 2017-жылдын 17-мартында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда кар күрткүсү жана көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чи (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чи (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), 351-365-чы (Көк-Бел ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-110-чу, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-97-чи, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чу, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-94-чү (Кара-Көө ашуусу, Ийри-Суу участкасынын 42-44чм), Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 289-291-297-298-чи (Долон ашуусу), Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-10-чу, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чи (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 60-68-чакырымдарында (Барскоон, Сөөк ашуулары), кар күрткүсү жана көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Буга байланыштуу ӨКМ айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл экендигин эскертет.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий