• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аба ырайы: Шашылыш билдирүү!!

Коом 0

Бишкек, 10-март /Кабар/. 2017-жылдын 10-мартынан 11-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга, абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Республиканын тоолуу райондорунда кар күрткүсү жана көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чи (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чи (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), 351-365-чи (Көк-Бел ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-110-чу, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-97-чи, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чу, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-94-чү (Кара-Көө ашуусу, Ийри-Суу участкасынын 42-44чм), Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 289-291-297-298-чи (Долон ашуусу), Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-10-чу, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чи (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 60-68-чакырымдарында (Барскоон, Сөөк ашуулары), кар күрткүсү жана көчкү түшүүсү күтүлөт.

Буга байланыштуу ӨКМ айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарылдыгын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий