• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Аба-ырайы: Түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 06.09.17. /Кабар/. Эртең, 7-сентябрда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетиши күтүлөт. 8-9-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө

түнкүсүн +13...+18

күндүз +24...+29

Талас өрөөнүндө

түнкүсүн +10...+15

күндүз +23...+28

Ош жана Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн +13...+18

күндүз +27...+32

Баткен облусунда

түнкүсүн +12...+17

күндүз +26...+31

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн +10...+15

күндүз +20...+25

Нарын облусунда

түнкүсүн +6...+11

күндүз +20...+25

Бишкек шаарында түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +15...+17 градус, күндүз +26...+28 градус болот. Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16...+18 градус, күндүз +28...+30 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий