• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Аба ырайы: Жаан карга айланышы мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 26.03.18. /Кабар/. Эртең, 27-мартта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өоблусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 10...15,

Талас облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 9...14,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5...10, күндүз 13...18,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 8...13,

Нарын облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13,

Бишкек шаарында мезгил-мезгили жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 13…15 градуска чейин жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий