• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүн көпчүлүк аймактарда кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт - Кыргызгидромет

Коом 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда 19-ноябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 19-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-21-ноябрларда абанын температурасы абдан төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15°, түндүгүндө -12…-17°, күндүз -2…-7°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19°, күндүз -4…-9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз 0…-5°, тоо этектеринде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8°, чыгышында -6…-11° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -11…-16°, күндүз -1…-6°, тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29°, күндүз -14…-19° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий