• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аба ырайына байланыштуу Астана аэропорту жабылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.01.18. /Кабар/. Астана аэропорту бейшембиде эртең менен начар аба ырайына байланыштуу жабылды. Бул тууралуу Жарандык авиация комитетинин басма сөз кызматы Facebook баракчасында билдирди.

Астана шаарынын “Нурсултан Назарбаев” эл аралык аэропорту учуулардын коопсуздугун камсыздоо максатында метео шарттарга байланыштуу Астана убактысы боюнча 13:00 (мск 10:00) чейин жабылды”-, деп айтылат билдирүүдө.

Жүргүнчүлөргө өз каттамдары тууралуу авиакомпаниялардын колл-борборлорунан сурап билүү сунушталат.

Астанада бейшемби күнү таң эртеден шамал менен коштолгон кар катуу жаап жатат. Жолдор начар көрүнүүдө. Мектептерде биринчи сменада окуган 1-11-класстардын окуулары токтотулду.

Булагы: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий