• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аба ырайына байланыштуу "Манас" аэропортунда айрым рейстер кармалууда

Коом 0

Бишкек, 29.11.18./Салтанат Абдраева – Кабар/. Калың тумандын айынан Эл аралык “Манас” аэропортунда айрым рейстер кармалууда. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аэропорттун аймагында абдан катуу туман байкалууда.

"Көрүү 200 метрди гана түзүүдө. Учурда 7 каттам кармалып турат. Алардын ичинен алтоосу эртең мененки каттамдар болсо, бирөөсү кечээ күнкү кечки рейс болгон. Баардык жүргүнчүлөрдү түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-ноябрда калың туман түшүп, 3-4 каттам токтотулуп, “Аэрофлот” авиакомпаниясынын учагы Алмата шаарынын аэропортуна убактылуу конгон.

Пикир

Оставить комментарий