• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Сосновка” посту оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. “Сосновка” посту оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун аймагында, өзгөчө тоолуу аймактарда, атап айтканда Бишкек – Ош унаа жолунда аба ырайынын кескин начарлашына байланыштуу жол кырсыктарын жана жол тыгынын алдын алуу максатында “Соснавка” стационардык посту 15:00 дон 08:00 гө чейин оор жүк ташуучу унаалар үчүн жабык болот.

Ошондой эле, Чүй облустук ИИББ ЖКККБ кызматкерлери жарандарды тоолуу аймактарга узак жолго чыкпай турууну эскертет.

Пикир

Оставить комментарий