• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу “Сосновка” постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Коом 0


Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу “Сосновка” стационардык постунда бүгүн, 12-ноябрь күнү саат 18:00дөн тарта жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

“Сосновка” постундагы жүк ташуучу унааларга болгон чектөө “Бишкек-Ош” жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда, Суусамыр өрөөнүндө аба ырайынын бузулгандыгына байланыштуу жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алуу үчүн киргизилген.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларды жолдо абай болуп, унаалар ортосундагы аралыкты сактоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий