• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аба ырайынын катаалдыгынан улам 44 кыргыз жараны Казакстанда жолдо калган

Коом 0

Бишкек, 26.11.18 /Кабар/. Кыргызстандын 44 жараны аба ырайынын начарлашынан улам Казакстанда жолдо калган. Бул тууралуу Казакстан ИИМнин өзгөчө кырдаалдар Комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 25-ноябрь күнү түнкү саат 03:00дөр чамасында Акмоло облусунун Аккөл айылына жакын жерде полиция кызматкерлери "Сетра" жүргүнчүлөдү ташыган автобусту табышкан.

Автобус Сургут-Бишкек каттамы боюнча Кыргызстанга келаткан. Автобустун баардык жүргүнчүлөрү Акколь айылынын маданият үйүнүн жылытуу бөлмөсүнө киргизилген. Жүргүнчүлөрдүн эч бирине медициналык жардам керек болгон эмес.

Бузулуулар оңдолгондон кийин автобус жүргүнчүлөр менен каттамын уланткан.

Өзгөчө кырдаалдар комитети кабарлагандай, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу республикалык жана облустук маанидеги унаа жолдорунда өткөн эс алуу күндөрүндө жол жүрүүгө 16 жолу чек коюлган.

24-25-ноябрь күндөрү полиция жана куткаруу кызматынын кызматкерлери тарабынан Алмата, Актөбө, Атырау, Акмоло, Чыгыш-Казакстан, Жамбыл, Караганда облустарында жана Астананын унаа жолдорунда 66 жеке жана жүргүнчү унаалардан 254 адам эвакуацияланган.

Пикир

Оставить комментарий