• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына карата кыргыз тилинде жарыкка чыккан "Абай" китебинин бет ачары болду

Маданият 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Эл аралык Түрк академиясынын 10 жылдыгынын алкагында казак эл акыны Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына карата “Абай жана XXI кылым; доор сабактары” аттуу видео-конференция өттү.

Аталган онлайн жыйынга КР маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов да катышты, - деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Онлайн форматтагы видео-конференцияга ЮНЕСКО эл аралык уюмунун өкүлү, Түрк академиясынын президенти Дархан Кадыралы жана башкалар катышты.

Конференциянын жүрүшүндө кыргыз тилинде жарыкка чыккан «Абай» китебинин бет ачары болду. Анда министр Азамат Жаманкулов сөз сүйлөп, 2020-жыл ичинде Кыргызстанда Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгынын алкагында бир катар иш-чаралар өтө тургандыгын белгиледи.

Алар, А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада улуу акындын урматына арналган “Өлбөстүк-тагдыр талабы” аталыштагы онлайн китеп-көргөзмө жана казак элчилигинин, Кыргызстандагы казак Ассоциациясынын жана Маданият министрлигинин колдоолору менен “Абай Борбору” ачыла тургандыгын билдирди.

Мындан сырткары, 27-майда бир канча өлкөнүн жогорку даражадагы илимий курамдын катышуусунда “Улуу Абай Кунанбаевдин адабий жана руханий мурастарынын баалуулугу” аттуу онлайн видео-конференция уюштурула тургандыгын кошумчалады.

Эске сала кетсек, жыйынга Кыргызстандан кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков, жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков жана башкалар катышты

Пикир

Оставить комментарий