• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абайлаңыз! Бишкектин айрым базарларында “кооптуу” уксус сатылууда

Коом 0

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. Бишкектин Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл борбору “Берекет” жана “Ош” базарларында сапатсыз “Уксусная Эссенция 80%” уксусу сатыкка чыкканын эскертет.

“Уксус үй шартында жасалат. Анын юридикалык жана уруксат берүүчү документтери, лабораториялык изилдөөнүн документациясы жок”, - деп билдирет санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору.

Мындай уксус адамдын ден соолугуна кооптуу жана азык-түлүктөрдү консервациялоо мезгилине байланыштуу массалык тамакка уулануунун келип чыгышына себепкер болушу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий