• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абайлаңыз кене. Бишкекте 149 кишини кене чаккан

Ден соолук 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл борбору жарандарды кенелерден абай болууга чакырат.

Белгилүү болгондой, кенеден бир катар оорулар, анын ичинде кене энцефалити жугат.

Кене энцефалити – борбордук нерв системасын жабырката турчу курч кармоочу вирустук оору. Бул оорунун козгогучу болуп Арбовирус эсептелет. Вирус адамга кене жабышканда шилекейи аркылуу жугат.

Жарандар Чүй облусунун аймагындагы эс алуу жайларына ("Ала-Арча", "Теплые ключи", Кегети капчыгайы, "Токмок токой чарбасы" ж.б.) барганда өзгөчө абай болушу керек. Атайын коргоочу кийимдерди же денени жапкан кийим кийүү кажет. Үстүңкү кийимдин жеңдери узун болуп, билек жактан жабык болушу зарыл. Үстүдөгү кийимди шымданып, шымдын багалегин байпакка киргизип алуу керек. Андан тышкары баш менен моюнду да жабуу зарыл.

Жаратылыш койнунда жүргөндө эс алганы барган адамдар бири-бирин кене жабышкан жокпу деп текшерип турушу керек.

Ошондой эле кенелерди качыруучу каражаттарды колдонсо болот – дененин ачык жерлерине жана кийимге себилет (мисалы, "Претикс", "Москитол", "КОМАРОФФ-антиклещ" – колдонордон мурда нускамасы менен танышуу зарыл).

Эгер кене денеңизге жабышкан болсо, аны кылдаттык менен алып чыгып, кене жабышкан жерди дезинфекциялоо керек. Андан кийин колду самындап жуу же дезинфекциялоочу каражат менен сүртүү зарыл. Кенени ыргытып салбай (өрттөбөй) жабык идишке салып, Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү 36 (203-кабинет, телефон номери: 51-10-16) дареги боюнча Бишкек шаарынын мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл борборуна алып келүү зарыл. Ал жактан кененин түрү аныкталгандан кийин 3 күн ичинде (кене чаккан учурдан тарта) кене энцефалитине каршы иммуноглобулин дайындалат.

21-майга карата Бишкекте кене чаккан 149 жаран аталган борборго кайрылган. Алардын ичинен 98 адамга кененин түрүнө жана бейтаптын салмагына жараша иммуноглобулин дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий