• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абакиров Ош шаардык спорт комитетинин төрагасынын м.а. болуп дайындалды

Аймак 0

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Абакиров Бекдөөлөт Абакирович Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

29 жаштагы Бекдөөлөт Абакиров буга чейин Ош шаарындагы муниципалдык “Жапалак” автоунаа базарынын директору болуп турган.

Бир канча эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Күрөш боюнча спорт чебери.

Эске сала кетсек, буга чейин Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы кызматын ээлеп турган Кылыч Саркарбаев кызматынан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий