• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абакка отуруп чыккан жаран менен маек: “Кургак учуктан кантип айыктым?”

Ден соолук 0

Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллат Кадыров журналисттер менен жолугушууда Мамлекеттик жаза аткаруу кызматында кургак учук менен ооруган камактагылардын өз убагында алдын алуу жана тиешелүү дарылануусу үчүн бардык шарттар каралганын айтып берди. Абакка отуруп чыккан Ю.М. “Кабар” агенттигине берген маегинде өзүнүн тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

- Кургак учукту кайдан жугузуп алдыңыз?

- Лагерден. Өзгөчө катуу режимдеги лагерде отургам. Ошол жактан ооруп калдым. Ал жердегилердин көбү ооручу. Анда дайыма анализ тапшырып турасың, эгерде дартка чалдыккандар болсо, ооруканага жөнөтүшөт. Дарылоо акысыз.

- Бул дартты дарылоодо ким колдоо көрсөттү?

- Дарылоо абдан оор өттү. Мен эки жыл дарыландым. Мында мага “Кызыл крест” жана “Кызыл жарым ай” жардам беришти. Бирок негизинен баары адамдан, анын дарыланууга умтулуусунан көз каранды болот. Жакшы тамактануу керек. Антпесе абдан кыйын. Дарылар күчтүү. Мен эки жыл дарыландым. Учурда анализ тапшырдым, баары жакшы.

- Ал эми учурда эмне менен алектенесиз?

- Мен курулушта иштейм. Имараттардын ичин евроремонт жасайм. Алты саным аман, жашоого нааразы эмесмин.

- Дарылануу учурунда дагы иштедиңизби?

- Жок. Мен быйыл гана иштеп баштадым. Эки жыл мага туугандарым, “Кызыл крест” жана “Кызыл жарым ай” жардам беришти. Бул мезгилде мага моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүлдү. Эч ким менден терс бурулуп кеткен жок, баары колдошту. Анткен менен жаш өтүп бара жатканы байкалууда, бирок ал-күчүм али бар.

- Дарылануудан кийин жашоого болгон мамилеңиз өзгөрдүбү?

- Жалпысынан баары жакшы. Эртең менен көнүгүү жасап турууга аракет кылам. Кара жумуш кылам. Эч нерсе деле өзгөргөн жок. Болгону өзүңдү колго алууга аракет кыласың. Кимдир бирөө сени туура эмес кабыл алышы мүмкүн, бирөөлөрдүн тилин табууга туура келет. Ар бир адамды тилин тапса болот.

Маектешкен Нуркыз Сабырова

Пикир

Оставить комментарий