• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абактагы блогер Гүлзат Мамытбек ачкачылыкты токтотту

Коом 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Абактагы блогер Гүлзат Мамытбек ачкачылыкты токтотту, - деп кабарлайт Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 23-ноябрда Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкери Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагындагы Гүлзат Алымкуловага (Гүлзат Мамытбек) барды.

Алымкулова буга чейин президентке жана мамлекеттик ар кайсы органдарга жазган каттары кабыл алынбай жатканына нааразы болгон. Ал нааразылык иретинде 14-ноябрдан бери ачкачылык жарыялаган.

Сүйлөшүү учурунда мекеменин башчысы бардык тиешелүү каттар өз убагында жөнөтүлгөнүн айтып жана чыгыш документтеринин көчүрмөлөрүн көрсөткөн.

Гүлзат Алымкулова Акыйкатчынын өкүлү менен болгон сүйлөшүүдө бүгүнкү күндө өзүн жакшы сезип жатканын, дарыгерлер ага күн сайын В, С витаминдери менен глюкоза тамчылатып жатканын, мамлекеттик органдарга жазган каттар (арыздар) жөнөтүлүп жатканын жана мекеменин администрациясына эч кандай даттануулар жок экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий