• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абактагы экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев ооруканага жаткырылды

Коом 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Абактагы экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев №4 шаардык ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, мурдагы чиновник №47 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан.

“Учурда Жантөрө Сатыбалдиев дарыгерлердин көзөмөлүндө ооруканада жатат. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Ал ооруканада кайтарууда”, - деп билдиришти ведомстводон.

Эскерте кетсек, Сатыбалдиев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Пикир

Оставить комментарий