• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Абалдары оор. Ысык-Көлдө сууга чөгүп бараткан эки кыз куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. Кечээ, 5-июнда Жети-Өгүз районунун Кой-Сары тилкесинде эки кыз көлгө чөгүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган аймакка Каракол шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 жана Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылган. Ал арада куткаруучулар жерине жеткичекти райондун Кой-Сары аскер базасынын кызматкерлери чөгүп бара жаткан кыздарды катер менен сүзүп барып, өмүрүн сактап кала алышкан.

Алар көл жээгине чыгарылган эки жаранды ӨКМдин куткаруучуларына өткөрүп беришкен. Андан соң куткаруучулар Жети-Өгүз менен Липенка айылынын кесилишине чейин алып келип, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Алдын ала маалымат боюнча кыздардын абалы оор. Алар Липенка айылынын 22 жаштагы А.Б жана А.А. аттуу тургундары.

Пикир

Оставить комментарий