• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абаны булгаган зыяндуу заттарды азайтууга багытталган мыйзам долбоору иштелип жатат – депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.03.19 /Кабар/. Абаны булгаган жана айлана чөйрөгө терс таасирин тийгизген зыяндуу заттарды пайдаланууну азайтууга багытталган мыйзам долбоору иштелип жатат. Бул тууралуу депутат Абдывахап Нурбаев "Таза аба" аба долбоорун талкуулоого арналган коомдук угууда билдирди.

Нурбаевдин айтымында, Кыргызстанда абанын булганышынан улам чыккан кесепеттер олуттуу көйгөйгө айланды, бул багытта шашылыш чараларды көрүү милдети турат. Ошондон улам, депутаттар тобу "Таза аба" долбоорун сунуштап, ага байланыштуу бир нече мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөргөн.

Ошондой эле, эл өкүлдөрүнүн сунушу менен "Абаны булгоонун булактары" жөнүндө изилдөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыктары талданып чыкканы белгилүү болду.

"Бул изилдөөнүн негизинде абанын булгануусуна жана айлана чөйрөгө терс таасирин тийгизген зыяндуу заттарды пайдаланууну азайтууга багытталган мыйзам долбоору иштелип жатат", - дейт депутат.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, Бишкек шаарындагы абанын булгануусунун негизги булагы автоунаалардан бөлүнүп чыккан уулуу газ, үйлөрдө жагылган катуу отундун түтүнү, чаӊ менен таштандылар болуп саналат.

Дүйнөлүк банктын изилдөөлөрүнө караганда, ордо калаанын, анын ичинде жаӊы конуштардын тургундарынын 40 пайызы катуу отунду пайдаланат. Алар жаккан мештер болжол менен отунду 20-30 пайызга көп талап кылат.

Андан тышкары, имараттар талаптагыдай жылууланбагандыктан, жылуулук энергиясын жоготуу 60 пайызга чейин жетүүдө. Эксперттердин айтымында, Евробирликтин курамына кирген өлкөлдөргө салыштырмалуу Кыргызстанда жылуулукту жоготуу өлчөмү 5 эсеге көптүк кылат.

Пикир

Оставить комментарий