• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абанын температурасы төмөндөйт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. 2022-жылдын 20-22-август күндөрү Кыргызстандын аймагында абанын температурасынын төмөндөшү күтүлөт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12 градус, күндүз 20...25 градус, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4...9 градус, күндүз 18...23 градс болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12...17⁰, күндүз 24...29⁰, тоо этектеринде түнкүсүн 7...12⁰, күндүз 21...26⁰.

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2⁰, күндүз 12...17⁰, Ысык-Көл облусунун өрөөндөрүндө түнкүсүн 6...11⁰, күндүз 18...23 градуска жетет.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2...7⁰, күндүз 19...24⁰, тоолуу райондордо түнкүсүн 1...6⁰, күндүз 10...15⁰, бийик тоолордо түнкүсүн -2...-7⁰, күндүз 3...8⁰ка чейин төмөндөйт.

Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий