• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абанын температурасы төмөндөйт! Кыргызстанда жаан, мөндүр жаашы күтүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда 20-25-апрель аралыгында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

20-апрелде күндүз жана 21-апрелде түнкүсүн, 24-апрелде күндүз жана 25-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2022-жылдын 20-25-апрелдеринде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий