• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абанын температурасы төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Ага ылайык, 2018-жылдын 11-12-октябрында Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериңде абанын температурасы 0…-2°, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда абанын температурасы -1…-3° төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштер үчүн коркунучтуу.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий