• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абасканов: “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырууда жарандардан акча алынбайт

Коом 0

Бишкек, 22.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Мамлекет “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырууда жарандардан акча албайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов билдирди.

Анын айтымында, ЖМКда “Акылдуу шаар” долбоорунун алкагында орнотулган видео көзөмөл үчүн жарандардан айына абоненттик төлөм алынат деген жарыя шаардагы үйлөрдө илине баштагандыгы маалымдалган.

Абаскановдун айтуусу боюнча, аталган маалымат чындыкка дал келбейт.

“Бул жалган. Жарандардан акча алынбайт. Элдер жөн гана бузуулар үчүн гана айып төлөшөт”,-деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, КР өкмөтү Huawei компаниясы менен биргеликте “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча келишимге кол койду.

Пикир

Оставить комментарий