• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сыргабаев: Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл

Аймак 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаары облустун борбору болгондуктан андагы бардык тармактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Бул тууралуу облус башчысы Абсаттар Сыргабаев калаанын жыл жыйынтыгын чыгарган коллегия учурунда билдирди.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, облус башчысы 2020-жылы тармактарда COVID-19 пандемиясынан көптөгөн маселелер жаралганын айтып, аны менен күрөшүүдө салым кошкондорго ыраазычылык билдирди.

Сыргабаев жыл ичинде оор абалга карабай өндүрүштүк ишканаларда жумушту токтотпоо үчүн тийиштүү шарттар түзүлгөнүн белгилеп, мында коюлган пландарды аткарууда маселе жаралбоосу керектигин айтты.

Өкүл шаарды өнүктүрүүдө кызматкерлерди жоопкерчилик менен натыйжалуу иштөөгө чакырды. Бардык калкты тейлөөчү жайларында тургундарга сылык мамиле жасалып, кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртуу керектигине токтолду. Бул элдин жергиликтүү бийликке болгон ишенимин жогорулатарын кошумчалады.

Жалал-Абад шаары жыл ичинде республикалык бюджетти 100 пайызга, ал эми жергиликтүү казынага 679 млн 805 миң сомдук салык жыйымдарын аткарган. Ал жалпы көрсөткүчтүн 102 пайызын камсыздаган. Калаанын экономика, соода, тейлөө жана бир катар тармактарында пайыздар төмөндөгөн.

2020-жылы 4 млрд 438,1 млн сомдук инвестиция тартылган. Анын эсебинен 100 ишкана ачылып, 433 жаңы жумуш орундары түзүлгөн.

Коллегиялык жыйында жыл жыйынтыгы менен тандалган алдыңкы кызматкерлер сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий