• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абдалиев комиссияны акциздик маркаларды даярдоо боюнча конкурсту ачык-айкын өткөрүүгө чакырды

Коом 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев алкоголдук жана тамеки продукцияларына акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссияны конкурсту ачык жана айкын өткөрүүгө чакырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Конкурстун бардык катышуучуларына кабыл алынган техникалык жана квалификациялык талаптарга жооп берген компанияны тандоо үчүн бирдей шарттар түзүлүшү керек. Бул үчүн комиссия мүчөлөрү мамлекеттин кызыкчылыгында жана мыйзам чегинде ак ниеттүүлүк менен ишттөөлөрү зарыл.

Бул тууралууу ал салык кызматынын борбордук аппаратынын жетекчи курамы менен болгон жумушчу кеңешмеде билдирди.

Салык кызматынын башчысы белгилегендей, анын 2020-жылдын 15-сентябрындагы буйругу менен акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссия түзүлгөн.

Анын курамына 15 адам – Салык кызматынын, Бажы кызматынын, Экономика министрлигинин, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын, “Инфо-система” мамлекеттик мекемесинин жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү кирген.

Мында, комиссия өз алдынча чечим кабыл алууга зарыл ыйгарым укуктарга ээ жана салык кызматынын жетекчилигинен көз карандысыз, жетекчилик болсо комиссиянын ишине кийгилише албайт.

Конкурстук комиссия конкурстун катышуучуларына карата техникалык жана квалификациялык талаптардын негизинде катышуучу компанияларды кеңири тартуу, түшкөн табыштамаларга объективдүү баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча компоненттүү жана ишенимдүү өнөктөш – акциздик маркаларды даярдоочуну тандоо милдети турат.

"Комиссия өз милдеттерин татыктуу аткара алат деп ишенем. Бул маанилүү мамлекеттик мааниге ээ, анткени мыйзам талап кылгандай ишкерлер алкоголдук жана тамеки продукцияларына акциздик маркалар менен өз учурунда камсыз болушу керек”, – деп белгиледи Кабыл Абдалиев.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 23-сентябрында Мамлекеттик салык кызматы алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана Кыргыз Республикасына жана анын чегинен сыртка жеткирүү боюнча кызматты сатып алууга конкурс жарыялаган. Конкурс мамлекеттик электрондук сатып алуулардын бир этаптуу эки пакеттүү ыкмасы менен өткөрүлөт.

Конкурска катышууга карата табыштамалар 2020-жылдын 15-октябрында саат 15.00гө чейин мамлекеттик сатып алуулар порталында кабыл алынат.

Кошумча маалыматты мамлекеттик сатып алуулар www.zakupki.gov.kg сайтынан жана Бишкек ш., Чүй проспекти, 219, № 73 каб., тел.: (0312) 61-46-57; 61-18-12 аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий