• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абдалиев: Салык кызматында салыктар боюнча планды ийгиликтүү аткаруу үчүн мүмкүнчүлүктөр бар

Экономика 0

Бишкек, 06.08.19. /Кабар/. Күн мурун КР Мамлекеттик салык кызматынын 2019-жылдын 1-жарым жылдыгындагы иштеринин жыйынтыгы боюнча ведомствонун коллегиясынын отуруму өттү.

Коллегиянын ишине премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев, коллегиянын мүчөлөрү, борбордук аппараттын башкармалыктарынын жана өз алдынча бөлүмдөрүнүн башчылары, аймактык салык органдарынын жетекчилери катышышты.

Коллегиянын отурумунда бир катар маселелер, анын ичинде ушул жылдын 6 айындагы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу, салык карызын өндүрүү, атайын салык режимдери боюнча салыктарды башкаруу, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттогон ишкерлерди башкаруу боюнча жүргүзүлгөн иштер ж.б. каралды.

КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин сөзүнөн кийин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев өкмөт башчысы тарабынан ведомствонун ишинин айрым түрлөрү боюнча айтылган сын-пикирлердин адилеттүүлүгүн белгилеп, Салык кызматынын кызматкерлери мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча бардык күч-аракеттерин жумшаарын жана бул үчүн зарыл болгон бардык булактар бар экендигин ишендирди.

Коллегиянын жүрүшүндө Салык кызматынын башчысы К.Абдалиев салыктар боюнча планды аткарбаган аймактык салык органдарынын жетекчилерин, ошондой эле салыктарды чогултууну камсыз кылуу, салык карызын өндүрүү, атайын салык режимдери боюнча салыктарды башкаруу, өкмөттүк программаларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө, анын ичинде салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруу жана санариптештирүү ж. б. боюнча башка баяндамачыларды укту.

Салыктарды чогултуу боюнча планды аткарбаган аймактык салык органдарынын начальниктеринин сүйлөгөн сөздөрү кескин талкуулангандан кийин Салык кызматынын төрагасы коллегиянын жыйынтыгы боюнча аларга карата чечимдер кабыл алынаарын билдирди.

Ведомствонун жетекчиси К.Абдалиев борбордук аппараттын башкармалыктарынын жана аймактык салык органдарынын жетекчилерин жаңыча иш алып барууну баштоого, демилге көтөрүүгө жана ынтызарлыкты көрсөтүүгө чакырды. "Жөн гана техникалык иштер менен алек болуунун кереги жок, талдоо иштерин жүргүзүп, сандар менен иштегиле жана өзүңөрдүн функционалдык милдеттериңерди чын ниеттен аткаргыла! Талаптар катуу болот, ал эми иштегиси келбегендер менен жолубуз бөлөк", – деп эскертти ал.

Ошону менен бирге Салык кызматынын башчысы өкмөт тарабынан салык кызматынын алдына коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткаруу үчүн мүмкүнчүлүктөр жана резервдер бар экендигин белгиледи.

"Анткени биз июль айында өтө тез нукта иштөө менен акыркы бир жуманын ичинде салыктардын (1 млрд. 517,4 млн. сом) жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн (750,1 млн. сом) жарым жылдын ичинде чогултулбай калган суммаларын - тиешелүү түрдө 147,1 млн. сомго жана 79,7 млн. сомго кыскарта алдык, тактап айтканда пландык көрсөткүчтү ашыгы менен аткардык. Демек бизде иштөөгө мүмкүнчүлүк бар, бирок бул үчүн ар ким өз милдетин так аткарышы керек", - деп белгиледи Кабыл Абдалиев.

Ошондой эле ал салыкчыларды өтө тез нукта иштөөгө чакырып, алдыдагы эки айдын ичинде ар бир айга белгиленген планды аткаруудан тышкары, 1,3 млрд сом өлчөмүндөгү салыктардын кем жыйналган суммасын толугу менен жабууну тапшырды.

Бул тууралуу фискалдык органдын төрагасы К.Абдалиев ММК өкүлдөрүнө да айтып, Салык кызматы салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдү толук көлөмдө аткаруу, салык карыздарын кыскартуу жана өндүрүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшай тургандыгын белгиледи.

Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, фискалдык органдын төрагасы К.Абдалиев салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдү толук көлөмдө аткаруу, салык карыздарын кыскартуу жана өндүрүү боюнча бардык күч-аракеттерди жумшай тургандыгын белгиледи.

Анын айтымында, ведомство өз ишинин сапатын жогорулатуунун үстүндө иш алып барат жана талдоо иштерин күчөтөт. Экономика министрлиги менен биргеликте салык мыйзамдарына ак ниеттүү салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана көмүскө экономиканы кыскартууга багытталган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча иштерди жүргүзөт.

Коллегиянын соңунда Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев ушул жылдын аягына чейинки негизги милдеттерди аныктоо менен, ведомствонун иш планын айтып өттү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасындагы иш-чаралардын алкагында ишке ашырыла турган негизги милдеттердин катарында ведомствонун жетекчиси салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруу системасын, электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураны колдонуу боюнча пилоттук долбоорду сапаттуу жана өз убагында киргизүү, ошондой эле КНС төлөөчүлөрдү, импорттоочуларды-экспорттоочуларды квалификациялуу электрондук кол тамгасы коюлган электрондук документ түрүндө салык отчетторун милдеттүү берүүгө өткөрүү боюнча иштерди атады.

Салык органынын ишиндеги артыкчылыктуу багыттарынын катарында – республиканын бардык аймактарын камтуу үчүн салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын оптималдуу топтому менен сервистик борборлордун сиситемасын андан ары өнүктүрүү, МСКнын түзүмдүк бөлүмдөрү менен салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы иш кагадардын электрондук түрдө жүгүртүлүшүн кеңейтүү, салык төлөөчүлөр менен ыкчам байланыш системасын өнүктүрүү, анын ичинде салык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жана салыктык жол-жоболор тууралуу салык төлөөчүлөргө өз убагында маалымат берүү кирет.

Мындан тышкары, Салык кызматынын төрагасы К.Абдалиевдин айтуусу боюнча, электрондук кызматтарды колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, салык жол-жоболорун оптималдаштыруу жана салык отчетторун электрондук түрдө берген салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү боюнча иштер улантылмакчы.

Салыктарды чогултуу. 2019-жылдын 6 айында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 38 млрд 238,3 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. План 96,2 %га аткарылып, 1 млрд 517,4 млн сомго кем жыйналган. 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын түшүшү 725,5 млн сомго көбөйгөн.

Ошол эле учурда 6 айдын жыйынтыгында пайда болгон 1 млрд 517,4 миң сом суммасында толук чогултулбай калган салыктар июль айындагы пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткаруунун эсебинен 147,1 млн сомго кыскаргандыгын белгилей кетүү керек.

Болжолдук көрсөткүчтөр бир катар аймактык салык органдары тарабынан камсыздалган эмес. Анын ичинде МСКнын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгы, Ысык-Ата, Панфилов, Ноокен, Токтогул райондору жана Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Балыкчы шаарлары.

Коллегиянын жыйынтыгы боюнча бул салык органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилиги каралат.

Бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы салыктардын жана төлөмдөрдүн төмөнкү түрлөрү боюнча пландуу көрсөткүчтөрдү аткаруунун эсебинен камсыз кылынды: жеке жактардын – Кыргыз Республикасынын резиденттеринин киреше салыгы (101,6%), бирдиктүү салык (119,5%), на милдеттүү патенттин негизиндеги салык (103,9%), ктыярдуу патенттин негизиндеги салык (101,9%), кыймылсыз мүлк салыгы (106,4%), жер салыгы (105,7%), пайда салыгы (105,4%), резидент эмес – жактардын кирешесине салык (136,1%), салыктык эмес келип түшүүлөр (109,2%).

Ал эми болжолдук көрсөткүчтөр Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө КНС жана акциз салыгы, ЕАЭБден импортко КНС жана акциз салыгы, жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык, алтын чыгарган компаниялардын кирешесине салык, сатуу салыгы, Кумтөрдөн дүң кирешеге салык, кыймылдуу мүлк салыгы боюнча аткарылган эмес.

Салыктардын жана төлөмдөрдүн жыйымынын түзүмүндө ЕАЭБден импортко КНС – 22,0%, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга жана кызматтарга КНС – 16,0%, жеке жактардын – Кыргыз Республикасынын резиденттеринин киреше салыгынын үлүшү – 14,0%, ЕАЭБден импорттоого акциз – 9,0%, пайда салыгы – 7,0%, Кумтөрдөн дүң кирешеге салык – 7,0%, салыктык эмес келип түшүүлөр – 6,0%, сатуу салыгы – 5,0%, резидент эмес – жактардын кирешесине салык – 3,0%, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык – 3,0%, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга акциздик салык – 2,0%, жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык – 2,0%, жер салыгы – 2,0%, кыймылсыз мүлк салыгы – 1,0%ды түзгөн.

Эң эле маанилүү салыктык чегерүүлөр түстүү металл жаатында – 17,0%, сатуу ишканаларында – 16,0%, байланыш түзүмүндө – 10,0%, башка ишмердиктерде – 10,0%, курулушта – 5,0%, профессионалдык ишмердикте – 5,0%, электр энергиясында – 5,0%, финансы кызматында – 6,0%, өндүрүштүн башка тармагында – 2,0% өндүрүлгөн.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо. 2019-жылдын 6 айында 15 млрд 240,8 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулган. Белгиленген план 95,3% аткарылган же 750,2 млн сом кем түшкөн. 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу келип түшүү 199,7 млн сомго көбөйдү.

Ошол эле учурда жарым жылдын ичинде пайда болгон 750,2 млн сом суммасында толук чогултулбай калган камсыздандыруу төгүмдөрү июль айындагы пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткаруунун эсебинен 79,7 млн сомго кыскарган.

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча болжолдук көрсөткүчтөр бир катар аймактык салык органдары тарабынан камсыздалган эмес. Анын ичинде Бишкек шаары боюнча жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгы, Ысык-Көл, Панфилову, Жайыл, Чоң-Алай, Базар-Коргон, Ак-Суу, Бакай-ата, Чаткал, Ат-Башы, Москва, Ысык-Ата, Түп, Сузак, Кара-Буура, Манас, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Лейлек, Ак-Талаа райондору жана Токмок, Майлуу-Суу, Нарын, Балыкчы шаарлары боюнча салык органдары.

Салык карызы. Республика боюнча 2019-жылдын 1-июлуна карата салык карызы 4 млрд 483,6 млн сомду түздү. Анын ичинде өнбөөчү карызы - 2 млрд 871,9 млн сом.

Республиканын салык органдары тарабынан 6 айдын ичинде салык карызын мажбурлап өндүрүү боюнча белгиленген иштер жүргүзүлүп, алардын жыйынтыгында бюджетке 2 млрд 549 млн сом түшкөн. Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 733,1 млн сомго көп же өсүү ыргагы 140,4%ды түздү.

Салык төлөөчүлөргө 4 млрд 720,4 млн сом суммасында 48 миң 943 салык чечими тапшырылып, анын 34 миң 36 чечими боюнча 1 млрд 755,9 млн сом өндүрүлгөн.

Салык төлөөчүлөрдүн алыш-бериш эсебине 1 млрд 860 млн сомго 1 миң 901 салыктык-төлөм талабы коюлган, бул 2018-жылдын 6 айына салыштырмалуу 14 талапка же 674,8 млн сомго көп. Анын ичинен 11,4 млн сом өндүрүлгөн.

Ошондой эле, 488,1 млн сомго 2 миң 619 мүлктү тизмектөө жүргүзүлгөн. 178 материал боюнча мүлктөрдү сатуудан 8,9 млн сом өндүрүлгөн.

Бюджетке салыктарды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 5,9 млн сомго 2 миң 303 административдик айып салынган, анын 4,7 млн сому өндүрүлгөн.

Отчеттук мезгилде салык органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Салык төлөөчүнүн өнбөөчү карызын таануу жана эсептен чыгаруу тартибине ылайык, 241 субъект боюнча 54,8 млн сом карыз эсептен чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий