• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абдиев Билим берүү министрлигине таандык пансионатта жүрүп жаткан оңдоо иштери тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлигине таандык Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан “Асыл” пансионатын ондоп-түзөө иштери эки жыл мурун башталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, бүгүнкү күндө пансионатта 9 имарат жана пирс оңдолгон.

“Ошондой эле ошол пансионаттын аймагында 5 кабаттуу ден-соолукту чыңдоочу борбор куруу пландалууда. Ал борбордо эс алуучу жай да каралган. Ал үчүн 180 млн. сом мерчемделген. Пансионаттын тазалоочу жайы курулуп, жашылдандыруу иштери жүргүзүлгөн”, - дейт Абдиев.

Пикир

Оставить комментарий