• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абдиев: Орхан Инандыны уурдоо кылдаттык менен пландаштырылган

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Орхан Инандыны уурдоо кылдаттык менен пландаштырылган деген версия бар, ошондуктан 2 жумадан бери иштин бети ачыла элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Анын айтымында, бул ишти бардык күнөөлүү жактарды табуу үчүн кылдаттык менен тергөө зарыл. “Бизде адам уурдоо боюнча бети ачылбаган иштер жок. Ушул иштин гана бети ачыла элек. Убакыт керек”, - деди ал.

Эскерте кетсек, “Сапат” кыргыз-түрк лицейлер тармагынын негиздөөчүсү Орхан Инанды үстүбүздөгү жылдын 31-майында Бишкекте жоголгон. Милиция "Адам уурдоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны издөө иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ички иштер министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.

"Сапат" билим берүү мекемеси окуу жайдын президенти Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо үчүн сый акы бере турганын жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий