• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Абдикаримов: Өлкөдө коронавирусту аныктай турган 71 миң экспресс-тест бар

COVID - 19 0

Бишкек, 05.04.20. /Кабар/. Өлкөдө коронавирусту аныктай турган 71 миң экспресс-тест бар. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, экспресс-тесттен 16 миң 396 адам өткөн.

"Кытайдан дагы COVID-19 вирусун аныктай турган 84 комплект тест келет. Кийинки жумада Россиядан 90 ПЧР, Түркиядан 350 ПЧР анализдери келет", - дейт ал.

Абдикаримов кошумчалагандай, коронавирусту жуктуруп алгандар менен байланышта болгондордун саны 5 миң 48 кишини түзөт. Алардын 548и жакын байланышта болгон болсо, 4,5 миңи 2-категориядагы байланышта болгондор.

"Лабораториялык изилдөөдөн 18 миң 555 адам өтүп, 10 миң 157си изилденди. Алардын 10 миң 100 адамда вирус табылган жок. Ал эми 147 жаранда коронавирус аныкталды", - дейт министр.

5-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 147ге жетти. Алардын ичинен тогуз адам айыккан жана илдетти жуктуруп алган 61 жаштагы адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий