• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абдикаримов: Шайлоо участкаларында медпункттар уюштурулуп, 6 миңге жакын медик тартылды

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Шайлоо участкаларында медпункттар уюштурулуп, 5 миң 728 медициналык кызматкер иштеп жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, андан сырткары, тез жардам кызматынын унаалары дагы уюштурулуп, ооруканаларда орундар даярдалган.

"Бардык медкызматкерлерге жеке коргонуу каражаттары, беткаптар, санитайзерлер жана башка коргонуу каражаттары толук жетиштүү. Эгерде шайлоочулардын арасында дене табы көтөрүлүп же оорунун белгилери бар болгон жарандар болсо, алар кечки саат 18.00дөн кийин келип, атайын даярдалган кабиналарда өз добушун берүүгө укугу бар",- деди Сабиржан Абдикаримов.

Пикир

Оставить комментарий