• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Абдил Сегизбаев: “Эгер туура эмес аракеттери аныкталса, Маевский дагы жоопкерчиликке тартылат”

Коом 0

Бишкек, 1-март /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Абдил Сегизбаев эгер Леонид Маевскийдин мыйзамга туура келбеген аракеттери аныкталса, ага тергөөнүн жүрүшүндө баа берилерин билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында айтты.

Өз кезегинде Башкы прокурор Индира Жолдубаева депутат Өмүрбек Текебаевге карата кылмыш иши Леонид Маевскийдин арызынын негизинде козголгонун билдирди.

“Тергөөнүн жүрүшүндө кылмыш фактысы аныкталса ага карата дагы кылмыш иши козголот”,-деди ал.

ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев коррупция жана алдамчылык беренелеринде каралган кылмыш белгиси боюнча айыпталып, 2 айга камалган.

Пикир

Оставить комментарий