• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Абдрахманов: Баткен облусунда коронавирус жуктурган 24 бейтаптын 12си айыгып чыкты

Аймак 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Баткен облусунда коронавирус жуктурган 24 бейтаптын 12си айыгып чыкты. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, оорудан айыгып чыккан 12 бейтап үй карантинине чыгарылган.

"Облус боюнча айыгып чыккан адамдардын баары дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Бүгүнкү күндө изолятордо 20 киши, обсервацияда 68, үй карантининде 702 киши көзөмөлдө турат. Ошондой эле 7 миң 396 адамдын анализи алынган, ал эми 345 жарандар экинчи ирет анализ алынган. Ал эми 1 миң 436 жаран обсервацияларда жатып чыкты", - дейт ал.

Абдрахманов эске салгандай, облуста коронавирустун алгачкы учуру кичи ажылыктан келген жарандан табылган.

"Коронавирус катталган алгачкы күндөрү эле аким аркылуу Баткен районунун үч айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Ошол күндөн тартып ал жердеги коронавирус менен ооруган жарандар убагында обсервацияга жаткырылып, дарылануудан өтүшкөн. Учурда алар үй карантининде, баарынын саламаттыгы жакшы", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий