• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Абдрахматова: Менин биринчи милдетим – КР Акыйкатчы институтуна элдин ишенимин арттыруу

Коом 0

Бишкек, 08.03.22. /Кабар/. Кечээ, 7-мартта КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Европа биримдигинин жана Германиянын Федералдык Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү министрлинин (BMZ ) “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү – 2-фаза” программасынын өкүлдөрү Болот Исаков, Бегимай Самыйбекова жана “Адилет” укуктук клиникасынын өкүлү Осмоналиева Айнура менен жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу учурунда Атыр Абдрахматова жыл сайын Акыйкатчы аппаратына 10 миңден ашуун адам кайрыларын, алардын 60%дан ашууну – Акыйкатчынын компетенциясына жана укуктук мандатына кирбеген арыздар экенин, ошол себептен туура эмес дарекке кайрылган арыз ээлери нааразы болушуп, Акыйкатчы аппаратына нааразычылыктар олорун белгиледи.

Ошондой эле ал Акыйкатчы жөнүндө КР Конституциялык мыйзамы тезинен кабыл алуунун зарылдыгын белгиледи, бул мыйзам улуттук укук коргоо мекемелерине коюлуучу талаптарга толугу менен жооп берүүгө тийиш.

"Акыйкатчы институту 2012-жылдын март айында БУУнун Эл аралык координациялык комитетинде “B” статусуна аккредиттелген. Бул Париж принциптерине толук эмес ылайык келет дегенди билдирет. Андан бери 10 жыл убакыт өтсө да, Акыйкатчы институту “А” статусуна ала албай келет.

Менин биринчи кезектеги милдетим – КР Акыйкатчы институтуна элдин ишенимин арттыруу”, – деп белгиледи ал.

Тараптар кызматташуу маселелерин, учурдагы иштерди жана биргелешкен пландарды талкуулашты. Жолугушуунун алкагында Программа Акыйкатчы институтунун адам укуктарын коргоо, укук үстөмдүгүн жана сот адилеттигине жетүү боюнча демилгелерине колдоо көрсөтөөрүнө белгиледи.

Атап айтканда, Акыйкатчы институтунун алдыдагы 5 жылдык стратегиясын түзүү, жарандардын арыздарын кабыл алуу жана аларды автоматташтыруу системасын жакшыртуу, Омбудсмен мыйзамын жеткире иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү, Акыйкатчынын баяндамаларына колдоо көрсөтүү, Акыйкатчынын вебсайтынын өркүндөтүү жана Акыйкатчы институтунун адам укуктары чөйрөсүндөгү ишин жакшыртуу боюнча андан аркы пландарын колдоо көрсөтүлөөрү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий