• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Абдулла Арипов Мариповду премьер-министрликке дайындалышы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов Улукбек Мариповго Кыргыз Республикасынын премьер-министринин кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Абдулла Арипов эки өлкө бакубаттуулугу үчүн көптөгөн багыттар боюнча өз-ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана чыңдоого ишенимин билдирди.

Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Мариповго ден-соолук, бакубаттуулук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндөгү ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий