• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан Россияга кургатылган жер-жемиш экспорттоону көбөйтөт

Аймак 0

Бишкек, 21.12.20. /Кабар/. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов РФнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы консулу Роман Свистин менен жолукту.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы саясий- экономикалык алакалар, инвестиция үчүн жагымдуу климат жана коопсуздук маселелери талкууланды.

Жарасул Абдураимов Россияга пандемия шартында жана ага чейин да көрсөткөн экономикалык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, ар жылы РФнын техникалык-инженердик багытта 10дон мектеп бүтүрүүчүсүн жогорку окууга тапшыртып, каржылай тургандыгын белгиледи.

Башкы консул Роман Свистин Россия мындан ары да Кыргызстанда өндүрүштү өркүндөтүү жана инвесторлорду тартууда алгылыктуу иш алып барарына ишеним артты.

Мындан сырткары, жолугушуунун жүрүшүндө Ош облусунан кургатылган жемиштерди экспорттоо, энергетика тармагын өнүктүрүү, чакан ГЭСтерди куруу боюнча РФдан инвестор тартуу тууралуу жагдайлар талкууланды

Пикир

Оставить комментарий