• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абдурахман Муртазалиев джиу-джитсу боюнча эл аралык турнирде чемпион аталды

Спорт 0

Бишкек, 26.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык Абдурахман Муртазалиев Чикагодо өткөн джиу-джитсу боюнча эл аралык турнирде чемпион болду. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазган.

IBJJF (Chicago spring Open) версиясы боюнча турнир 24-мартта өткөн.

Муртазалиев Абудрахман бардыгы болуп үч жолу кармашка чыккан.

“Бул турнирде финалда болгон кармаш оор болду”,-деп билдирди спортчу.

Кара куру бар спортчулардын арасынжа Аязбек Мустаков коло медаль уткан.

Пикир

Оставить комментарий