• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абдыганы Эркебаевдин 65 жылдыгына арналган адабий-чыгармачылык иш-чара өткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 19.09.18. /Кабар/. 2018-жылдын 20-сентябрында саат 11:00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиги, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин туулгандыгынын 65 жылдыгына арналган “Өзүңдү эмес, өлкөнү ойло” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылат жана адабий-чыгармачылык иш-чара өткөрүлөт.

Белгилүү мамлекеттик ишмер, көрүнүктүү окумуштуу Абдыганы Эркебаев 1953-жылы Ош облусундагы Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында туулган. 1970-жылы Кара-Мык айылындагы В.И.Ленин атындагы орто мектепти артыкчылык аттестаты, 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

Эмгек жолун Кыргызстан комсомолунун Борбордук комитетинин лекторлугунан баштаган.1976-1981-жылдары Москвадагы А.М.Горький атындагы Бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун стажеру жана аспиранты болгон. 1982-1990-жылдары В.В.Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтунун ага окутуучусу, “Кыргызстан маданияты” гезитинин редакторунун орун басары, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун директору кызматтарында иштеген. 1991-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Басма сөз жана маалымат министри, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Ош областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатор болгон.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин ХΙΙ чакырылышынын- легендарлуу парламенттин депутаты (1990), эки палаталуу Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын Социалдык маселелер боюнча комитетинин төрагасы, 1997-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы болуп иштеген жана Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, төрагасы(1985-2005) болуп шайланган. 2006-2010-жылдары Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин профессору, 2010-жылы Убактылуу θкмѳттүн мүчөсү, 2010-2017-жылдары Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп иштеген. Азыркы кезде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору.

Филология илимдеринин доктору, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиги, 12 китептин, 200дөн ашуун макалалардын, рецензиялардын автору. Эмгектери орус, казак, түрк, англис, япон,поляк, венгр тилдеринде жарыяланган.

Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, ΙΙ даражадагы “Манас” орденинин, Даңк” медалынын, Түгөлбай Сыдыкбеков, Иса Ахунбаев атындагы сыйлыктардын, КМШ мамлекеттеринин парламенттеринин “ Содружество” орденинин ээси.

Китеп-сүрөт көргөзмөсүндө академик Абдыганы Эркебаевдин өмүр жолу жана чыгармачылыгы кеңири чагылдырылган.

Көргөзмө “Көрүнүктүү адабиятчы жана окумуштуу”, “Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер”, “Сыймык жанасыйлык ээси” аттуу 3 бөлүмдөн турат.

Көргөзмөгө жана адабий-чыгармачылык иш-чарага коомдук ишмерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, акын-жазуучулар, маданият кызматкерлери, журналисттер, студенттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Пикир

Оставить комментарий