• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абдыгулов: Чек ара маселеси боюнча Кыргызстан менен Казакстандын сүйлөшүүсү уланууда

Саясат 0

Бишкек, 9.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстан менен Казакстан чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүнү улантууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү боюнча айтып жатып Абдыгулов “бардыгы мурдагыдай эле” деп билдирди.

2017-жылдын 10-октябрынан тарта Казакстан тарап кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө жайында адамдарды жана жүк ташуучу унааларды текшерүү тартибин күчөткөн. 18-октябрда Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков менен Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев жолугушуп, тараптар мамлекеттик чек араны кесип өтүүнүн артыкчылыктуу тартибин талкуулашкан.

Бүгүнкү күндө чек арада толук текшерүүдөн өтүп жаткан жүк ташуучу фуралар боюнча маселе чечиле элек.

2017-жылдын 25-октябрында Ереванда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картага кол коюудан баш тарткан. Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган унаалардын саны кыйла азайган, бирок Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, бул сүйлөшүүлөргө байланыштуу эмес.

Пикир

Оставить комментарий