• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абдыгулов кайрадан Улуттук банкты жетектеши мүмкүн

Кадр саясаты 0

Бишкек, 19.12.18 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Улуттук банктын төрагалыгы кызматына вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлиги сунушталууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине депутат Азамат Арапбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, бүгүн саат 14:00дө Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде жыйын болуп, анда бул маселе каралышы мүмкүн.

Депутат билдиргендей, КР президенти тарабынан Улуттук банктын төрагалыгы кызматына Абдыгуловдун талапкерлигин ЖКда көрсөтүү боюнча материал алган.

Эске сала кетсек, Абдыгулов Улуттук банкты 2014-2017-жылдары жетектеген. 2017-жылдын август айынан тарта биринчи вице-премьер-министр болуп, эки ай өткөн соң вице-премьер болгон.

Пикир

Оставить комментарий