• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Абдыгулов коронавирустун өлкө экономикасына тийгизген таасири качан билинерин айтты

Экономика 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. Коронавирустун Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасири эки айдан соң билинет. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Ал белгилегендей, азырынча эпидемиянын экономикага тийгизген таасири тууралуу айтуу кыйын. “Азыркы учурда мурда Кытайдан ташылып келген товарларды башка өлкөлөрдөн импорттоого алмаштыруу жүрүүдө”, - деди ал.

“Жөнөкөй мисал, мурда Кытайдан келген кездемелер азыр Түркиядан алынып келүүдө. Буга байланыштуу коронавирус өлкө экономикасына кандай таасир тийгизгенин 2 айдан соң так айтууга болот”, - деди Абдыгулов.

Муну менен бирге Улуттук банктын башчысы өлкө экономикасы өсүп жаткандыгын белгилеп, запастар жетиштүү экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий