• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абдыгулов: Кыргызстанда президенттик шайлоо жогорку уюшкандык деңгээлде өттү

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Кыргызстанда президенттик шайлоо жогорку уюшкандыкта өттү. Бул тууралуу добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри бардык кыргызстандыктарды президенттик шайлоонун аякташы менен куттуктады. “Алдын ала маалыттар боюнча шайлоо жогорку уюшкандыкта өттү. Бүгүн Кыргызстандын тарыхында өтө маанилүү күн. Буга байланыштуу калкыбызды куттуктайм. Техникалык бузулуулар жана башка нерселер аз болду. Албетте, айрым эксцесстер болду, бирок алар шайлоонун жыйынтыгына таасир бере албайт”,- деди Абдыгулов.

Биринчи вице-премьер жакынкы арада добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары жарыяланарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий