• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абдыгулов: Кыргызстандын товар жүргүртүүсүнүн 80% Россиянын аймактарына туура келет

Экономика 0

Бишкек, 15.12.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын товар жүргүртүүсүнүн 80% Россиянын аймактарына туура келет. Бул тууралуу кыргыз-россия аймактар аралык алтынчы жыйындын жүрүшүндө КР вице-премьери Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымына караганда, кызматташуу бир гана эки өлкө борборунда эмес.

“Россия менен Кыргызстан соода-экономикалык өнөктөштөрдөн болуп саналат. Бул жыйын Москва менен Бишкектин гана ортосунда байланыш бар экендигин көрсөтүп турбайт. Себеби дегенде 80% товар жүргүртүү Россиянын аймактарына барат”,-деп билдирип, Абдыгулов потенциал кенен экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий