• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абдыгулов “Росинбанкты” адистештирүү чечими боюнча комментарий берди

Экономика 0

Бишкек, 19.04.19. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов “Росинбанк” ААКсын эмне себептен адистештирүү чечими кабыл алынгандыгы тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында түшүндүрүү берди.

Анын айтымында, Улуттук банк тыкыр изилдөө жүргүзүп, Кыргызстанда курулуш, инфраструктура жана ипотекалык секторлор боюнча адистештирилген коммерциялык банк жок экендигине токтолгон.

“Адистештирилген банктын негизги максаты – атайын бир чөйрө боюнча адистердин болушу жана тиешелүү процедураларды аткаруу. Курулуш чөйрөсү учурда жакшы өнүгүүдө, бирок ал чөйрөдө атайын иш алып барган банк жок”, - деди ал.

Абдыгулов “Айыл банкты” мисал катары келтирип, ал айыл чарбаны өнүктүрүү максатында адистештирилген банк, деди.

Ал билдиргендей, “Росинбанкты” аягына чейин каржылоо үчүн каражат Улуттук банктын эсебинен бөлүнөт.

Пикир

Оставить комментарий