• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абдыгулов: Учурда валюта рыногунда чет элдик валюталарга суроо-талап жогору болууда

Экономика 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бүгүн, 20-мартта президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда валюта рыногунда болуп жаткан акыркы кырдаал тууралуу айтып берди.

Анын айтуусуна караганда, учурда валюта рыногунда чет элдик валюталарга суроо-талап жогору болуп турат.

«АКШ долларынын курсунун жогорулашы дүйнөлүк каржы базарларындагы өзгөрүүлөргө жана биздин негизги соода өнөктөштөрүбүздүн базарларындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу. Бул өңүттөн алганда Кыргызстанда дагы долларга жана калган валюталарга карата валютанын курсу түзөлтүлүп жатат», — деди Абдыгулов.

Алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүшүн жайгаруу максатында Улуттук банк чет элдик валютаны сатуу боюнча интервенцияларды жүргүзүп жатат.

Мындан сырткары, Улуттук банктын Башкармалыгы тарабынан 2020-жылдын 18-мартында «Коронавируска байланыштуу каржы-насыялык ишмердүүлүктү жөнгө салуунун убактылуу эрежелери жөнүндө» токтому кабыл алынган.

Аталган токтомго ылайык, коронавируска байланыштуу насыяларды өз маалында төлөй албаган жана насыя тарыхчасы начарлаган зайымчыларга карата айыптык санкцияларды колдонуу боюнча коммерциялык банктарга чектөөлөр киргизилүүдө. Ошондой эле коммерциялык банктарга насыяларды төлөө боюнча мөөнөттү кийинкиге жылдыруу мүмкүнчүлүгүн берүү сунуштамалары берилди.

Мамлекет башчысы азыркы түзүлгөн экономикалык кырдаалды, анын ичинде Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүндөгү абалды эске алуу менен туруктуу макроэкономикалык кырдаалды камсыздоо жана улуттук валютанын туруктуулугун колдоо зарылдыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий