• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абдыгулов: Улуттук банк ар кандай электрондук валюта боюнча жоопкерчиликти албайт

Экономика 0

Бишкек, 26.12.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы ар кандай электрондук валюта боюнча жоопкерчиликти албайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымына караганда, КР Улуттук банкынын позициясы өзгөргөн жок жана өлкөнүн башкы банкы бир гана улуттук валюта - сом боюнча жоопкерчиликти алат.

“Жарандар өздөрүнүн сактыгы үчүн өз жыйнагандарын каалаган түрдө сактай алышат. Бирок Улуттук банк аталган инвестициялар боюнча кепилдик ала албайт. Бүгүнкү күндө электрондук валюта боюнча ар кандай пикирлер айтылып жүрөт”,-деп билдирген Абдыгулов, ар бир жаран өзү тандай ала тургандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий