• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абдыгулов: Улуттук банк комбанктар үчүн алгачкы жолу насыялык аукцион өткөрдү

Экономика 0

Бишкек, 27.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы алгачкы жолу коммерциялык банктар үчүн насыялык аукцион өткөрдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, коммерциялык банктар 1,5 млрд сом насыяны 5% менен алышкан.

“Бул акчалар комбанктар тарабынан дыйкандарга жеңилдетилген насыялоонун алкагында берилет. Бизге сунуштарга караганда суроолор көп түшүүдө”, - деди ал.

Абдыгулов эсептик коюмду 5% деңгээлинде сактоо оң тенденция экенин белгиледи.

“Бул экономиканын өсүүсү байкалып жатканын айтып турат. Өнөр жай тармагы өнүгүүдө. Ошондой эле тышкы факторлор турукташып, КРга таасир берген жок. Үчүнчүдөн, мигранттардын которуулары туруктуу келүүдө” , -деди ал.

Улуттук банктын башчысы 2014-2015-жылдары эсептик коюм көлөмү 10% өскөнүн белгиледи. Анткени тышкы факторлор жагымсыз болгон. Олку-солку болуулар Кыргызстандын рыногуна таасир берди.

Пикир

Оставить комментарий