• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абдыгулов Улуттук банктын төрагалыгына жактырылды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 21.12.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйынында электрондук жашыруун добуш берүү жыйынтыгында Толкунбек Абдыгулов бир добуштан Улуттук банктын төрагалыгына шайланды. Мындай чечим бүгүн ЖК жыйынында кабыл алынды.

Депутаттар талкуу маалында акча-каржы саясатын жүргүзүүдөгү жана учурдагы экономикалык абал тууралуу маселерди айтышты.

Абдыгулов депататтардын суроолоруна жооп берди.

Эске сала кетсек, Абдыгулов Улуттук банкты 2014-2017-жылдары жетектеген. 2017-жылдын август айынан тарта биринчи вице-премьер-министр болуп, эки ай өткөн соң вице-премьер болгон.

Пикир

Оставить комментарий