• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абдыгулов: Жарандарга алыстан идентификациялоо кызматын көрсөтүү боюнча пландар талкууланууда

Коом 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматы жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети сыяктуу тийиштүү түзүмдөр менен жарандар үчүн алыстан идентификациялоо кызматын көрсөтүү боюнча пландар талкууланып жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Абдыгулов белгилегендей, эгерде ал ишке ашса, жарандар чөнтөк телефону аркылуу өздүгүн аныктап, мамлекеттик жана финансылык кызматтарды ала алышат.

Долбоорду пилоттук ишке ашыруу алты айдын ичинде башталып, 2020-жылдын аягына чейин толук ишке киргизүү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий